26.10.2018 15:59

«Апрель» кыргыз тилин жана ата мекендик контентти жигердүү колдогон 7 телеканалдын катарына кирди

«Апрель» кыргыз тилин жана ата мекендик контентти жигердүү колдогон 7 телеканалдын катарына кирди

«Апрель» кыргыз тилин жана ата мекендик контентти жигердүү колдогон 7 телеканалдын катарына кирди. «Эксперт» Консалтингдик агенттиги 2018-жылдын октябрь айында жүргүзгөн байкоосунун жыйынтыгын жарыялады.

«Апрелден» сырткары жетиликке: «КТР», «КТР Музыка», «НТС», «ЭЛТР», «ОшТВ», «Ынтымак»  телеканалдары кирген. Кыргызстандын калган каналдарында орус тилиндеги жана чет элдик мазмундагы берүүлөр басымдуулук кылаары айтылды. Ошондой эле, байкоонун жыйынтыгы менен көрсөтүүлөрүнүн 100 пайызы чет элдик орус тилиндеги берүүлөр болгон каналдар да аныкталды.

Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тууралуу» мыйзамына ылайык, эфирден же ободон кетип жаткан материалдардын 50 пайыздан аз эмеси ата-мекендик өндүрүштөн чыгып, мамлекеттик тилде болуусу шарт.

Анализге ылайык, 2018-жылдын октябрында «Апрель» телеканалынын эфирдик убактысынын 52% кыргыз тилинде чыккан берүүлөр түзгөн. 

Телеканалдагы ата мекендик өндүрүштөн чыккан берүүлөрдүн үлүшү - 83%. 

* Мониторинг эрте менен саат 07.00-10.00 жана кечинде саат 18.00-23.00дө (таңкы жана кечки прайм-таймда) жүргүзүлгөн.